Menu

Россия 240 миллион долларды жаңы аскер базасынын курулушу үчүн кечтиби?

Бөлүшүү:

Жаз айында Россиянын үлкөн чиновниктери Шойгу менен Кириенко Кыргызстанга келип, биздин чоңдор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кеткени боюнча маалымат тарап, бирок, эмне маселени талкуулашканы бүдөмдүк бойдон кала берген. Дал ушул өңүттөгү түйүндү чечүүгө кызыгып көрдүк.

Бизге жеткен маалыматтардан алсак, Кыргызстандын түштүгүнө жакынкы жылдары Россиянын аскер базасы курула турганы, алар наркотрафик менен терроризмди көзөмөлгө алышары болжонууда. Албетте, бул жакшы көрүнүш. Диний экстремизм «итибайы» курчуп турганда, Россиянын Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугун камсыз кылганы чоң олжо, асыресе, өздөрүнүн да тынч жашоосуна өбөлгө түзөт эмеспи. Эң башкысы, база ишке кирсе өкмөтүбүздүн казынасына каражат түшө баштаса, экинчиден, ички тынчтыгыбыз да сакталып, «сакалчандардын» тизгини кыйла тартылат эле.

Баса, аз күн мурун президент Алмазбек Атамбаев Москвага болгон иш сапарында өлкөбүздүн 240 миллион доллар карызын Кремль кечпедиби, менимче, береги базанын курулушу үчүн ушундай келишимди тандап алышса керек. Мунун өзү колдоого ала турган вазыйпа. Бирок, карызыбыз эмненин негизинде кечилгени буга чейин айтылган эмес. Коомчулукка таңгалычтуу болуп аткан… Кептин түз маанисинде, башынан эле Россия биздин стратегиялык башкы өнөктөшүбүз катары саналат, ЕАЭБдин алкагынан алсак да, кайсы жагынан карабайлы, ансыз деле көз карандылык жайыбыз бар. Өз алдынча качан ирденебиз? Бул жааттан акыл калчаган жанды көрбөй турам. Жадагалса президенттердин алмашуусу да Кремлдин каалоосуна жараша болору жалганбы?..

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 10 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: