Menu

Жаманга чөп, жакшыга кеп жабышат

Бөлүшүү:

Негедир өтө майдаланып, көралбастыктын сазына чөгүп бараткандайбыз. Жакшыны көргүбүз келбей жалаң тескерини баса калып, аны боеп жиберүүгө ашыккандар жеңин түрүнө “эрөөлгө” чыккандай  кейпин көрсөтүшөт. Тилекке каршы жүзүн ачык чыгарбоонун амалы эмнеде? Демек, ушактоонун көмүскө жолуна түшүп алып, ичиндеги кайнап жаткан “боткосун”  сыртка  чыгаруунун айласы. Мен ошондой “аткылоого” кабылган каарманды бала кезден жакшы билем. Илгери раматылык Оңолбек аке менен далай ирет бет-маңдай отуруп алып сонун күндөрдү өткөргөнбүз. Ал киши ырга жакын, көңүлү жайдары, берекелүү мүнөзү аркылуу адамды өзүнө имерип алчу. Ошол кадырлуу атанын кызы катары элге таанылган журналист Сюита Соурбаеванын  дарегине кара көө сыйпалган материал кечээ күнү  сорок деп чыга калды.  Көз жүгүртсөк мааниси калпка шыкалып жазылыптыр.

Мына ошол “жаңылыктан” кийин убактымды аябай өзүмдүн азыноолак пикиримди кагаз бетине түшүрүп коюну чечтим. Көрүп, билип жүргөн пейли таза аялзатына суук колун тарбалаңдаткан  кишинин жинин  шакардай кайнаткан себеп кайсыл нукта? Чамасы кыйладан бери турмуш шартына байланыштуу иштебей жүргөн Сюитанын шарт эле Жогорку Соттун төрайымынын кеңешчиси болуп кеткенине итатайы кармап жаткан шекилди.  Анчалык кимдин куйругу чыңалып кетти экен? Эгерде ич күптүлүгү болсо бетин элден  жашырбай эле  мен деген баланчамын, мындай дооматым бар деп ачыктап пикирин билдирбейби? Ушуга окшогон бүдөмүк нерселерди чуулдата чыгара берген сайттарга баракелде дебеске аргаң жок.

Ал эми С. Соурбаевага  тагылган “дооматтар” төмөндөгүдөй тизмектелиптир. Башында 5-каналда эптеп иштей албаган журналист ак үйдөгү  Оксана Малеваннаянын тилин таап, КТРКнын “Ала-Тоо”  маалымат дирекциясынын директору болуп алды. Андан кийин Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун “Ош ТВсын” ээлеп ишин улады. Эки жыл мурда “Өнүгүү”партиясынын  этегине илинип, кайрадан эле жүрүшүн улантты. Эми болсо кантип төрайымдын кеңешчиси болуп алганына таң калдык деп келип, иштен бошогонун билип койгула деген “сүйүнүчүн” кошуп кетиптир. Башка майда-чүйдөсүнө убакыт коротуп кажети жок.  Болгону эле ушул өңүттө экен.

Бирөөнүн тузун уурдабаса, көрүнгөн жерде жек көрүндү болбосо, өзүнө берилген ишти майын чыгара жасаган журналистти “Арзыматка” салыштыруунун зарылдыгы бар беле? Сюитанын  биз билгенден төкмөлүк жайы жок, журналисттик чыйыр менен гана келатат. Айрыкча теленин жагдайында көп нерселерди  мыкты өздөштүрүп, жаштарга болсо билгенин өткөрүүгө аракеттенди. Оштун көрармандары деле эмдигиче жылуу пикирин аянышпайт. КТРК да деле жаман иштеген жок. Негизи элдин көзүндөгү жоопту ишти көрүнгөнгө кармата беришпейт. “Жума кайрык” деле  ошол кезде кыраатына келгени ырас.  Эмнеси болсо да тескери кепти өзүнө илештиргенин коомчулук уккан эмес.

Ооба, Акаевдин, Бакиевдин убагында кимдер гана иштебеди дейсиң?  Султан Жумагулов, Илим Карыпбеков, Байма Сутенова, Нурлан Шакиев жана башкалар дагын ошол жылдарда такшалышкан.  Булардын арасындагы Сюита Соурбаева анда жаңыдан телчигип келаткан кадрлардан болчу. Эми ошону колко кылып тигилердин мезгилиндеги кадр эле да аны кайсыл билерман “кудалай” койду кеңешчиликке  деп күнөө койгондун өзү логикага  сыябы? Андай болсо баарын тегиздеп тазалай беришибиз керек болот турбайбы? Ошол маалда жарыкчылыкка келгенибизге да илинчек издейлиби?  Кесибиңе күйөсүңбү, анда талыкпай иштешиң керек. Ошондуктан Сюитанын Жогорку Соттун төрайымынын кеңешчилигине дайындалышына абдан туура көз караштамын. Ишке болгон тактыгына, жоопкерчиликтүү мамилесине  буйруса А.Токбаева өзү да  күбө болот.  Талыкпай, жигердүү эмгектене бер, сүйүктүү карындашым. Жакшы адамга кеп жабышаарын  жамы журт айттырбай билет. Сынчынын сыңар өтүгү майрыйып акыры элге шардана болот убагы келгенде.

Жора Сулайманов

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 69 − 62 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: