Өткөн жумада 26-июндан 2-июлга чейин ИИМдин ыкчам аракеттенүү борборунун ыкчам маалыматы боюнча ички иштер органдарынын кылмыш иликтөөсү менен 316 кылмыштын, анын ичинен изи сууй элегинде 85нин бети ачылды. Мурда жасалган кылмыштардан 281нин бети ачылды. Милиция кызматкерлеринин тарабынан баңги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү багыты боюнча 100 кг 847 грамм баңгизаты алынды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ