Президенттикке талапкер катары аттанган Темир Сариев өзүнүн шайлоо штабын башкарууга Эсептөө палатасынын мурдагы башчысы Элмира Ибраимованы дайындаганы белгилүү болду. Албетте, Темир Сариевдин жанында Элмира айым акактай таза ишмер экени белгилүү. Өзү да кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири болгон Султан Ибраимовдун кызы. Чыныгы мекенчил, патриот адамдын кызы. Анан ошондой айымдын тендер чырынан улам кызматтан ыргыган, ага чейин 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин 1 млн. долларды кандайча кымырып калуунун жолун Бекназаров менен телефондон «акылдашып» жатканы ачыкка чыккан Темир Сариев менен бир кайыкка түшүп алганын көпчүлүк түшүнө албай туру. Кимиси кимисинин таасиринде калаар экен? Кир сууга таза сууну кошсоң деле баары бир суу тазарбайт эмеспи?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ