Menu

Базарбай Мамбетов, коомдук ишмер, эксперт: “Биздикилер келе турган инвесторлорго шарт түзүп берээрине көзүм жетпейт”

Бөлүшүү:

– Жогорку Нарын чакан ГЭСтерин курууга инвестор табылганы, ушул айда келишимге кол коюлаары маалымдалууда, ГЭСтердин курулуп бүтүп ишке киришине көзүңүз жетеби? 

-1936-жылдан 1967-жылга чейин Кыргызстанда 70тен ашык чакан ГЭС курулуп бүткөн. Алардын 10дон ашыгы дагы деле иштеп жатат. Азыркы убакта чоң ГЭСтер менен бирге чакан ГЭСтерди курган аябай пайдалуу. Чакан ГЭСтерге чоң өрөөндүн баарын тоскон плотина куруп кереги жок. Болгону сууну деривациялык канал менен гана гидроагрегатка алып барса болот.

– Камбар-Ата ГЭСин ишке ашыруу чоң долбоор экенин, ага оңбогондой каражат керектигин президент белгиледи, Камбар-Ата ГЭСтери курулушу керекпи?

– Эми жогорку Нарын жана Кабар-Ата -1 ГЭСтери боюнча чынында эле аларга чоң каражат керек. Инвесторлор каражат алып келгенге даяр. Бирок биздикилер келе турган инвесторлорго шарт түзүп бере тураарына көзүм жетпейт.

– Жогорку Нарын ГЭСтерин кура турган инвесторлор буга чейинки инвесторлордой болбой, ишинин аягына чыгарып куруп берээрине ишенесизби?

-Биз 2012-жылдан 2017-жылга чейинки өзүбүзгө тиешелүү маселени чече албай койгонбуз. Биздин мурдагы энергетика министри РУСгидро менен 2012-жылы келишим түзүп жатып, чыгарылган электр энргиянын канча көлөмү Кыргызстанга бекер берилет деген маселени чечпей койгон. Ошол себептен инвесторлор Кыргызстан бардыгын бизге берет, анан дагы электр энергиянын эч кандай көлөмүн бекер албайт деп ойлошот.
Тажикстанда Санктуда – 1 жана Санктуда – 2 деген ГЭСтерди курганда баары башкача болгон. Биринчи ГЭС-тен чыккан энергиянын 20 процентин тажик өкмөтү бекер алат. Ал эми экинчи ГЭС боюнча (концессияга берилген) тажиктер 12,5 жылдан кийин аны өзүнө өткөрүп алат. Биздин билермандар ошондой маселелерден өтө эле алыс. Президентке башкача айтып жатышат. Сөз ушу боюнча өтө көп.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: