Menu

Түркиядагы кыргызстандыктар КРнын Туркиядагы элчилигине да, Стамбулдагы консулдукка да катуу нааразы

Бөлүшүү:

Бүгүн, 14-декабрь күнү Дастан Разак уулу өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына Түркиядагы кыргыз эмгек мигранттары, студенттер Кыргызстан элчилигине, Стамбулдагы консулдукка нааразы экендигин билдирди.

Кечээ, 13-декабрда Түркиянын Измир шаарында кыргыз диаспорасынын коомдук уюму ачылгандыгын маалымдаган Д.Разак уулу Түркияда эмгектенген кыргызстандыктардын өз өлкөсүнүн өкүлчүлүктөрүнө нааразычылыгын төмөндөгүдөй түшүндүрөт. 

Измир Кыргыз диоспарасы жана келбей койгон Стамбул консулу

Измирде эмгектенип жана билим алып жаткан кыргыздардын башын бириктирүү максатында 13-декабрда расмий түрдө Измир кыргыз коому ( диаспорасы) ачылды. Албетте бул дароо ачылып калган жок, мунун артында эмне деген эмгек, 3 ай талыкпай чуркоо жатат. Кыргызстанда иш жок же жарытарлык айлык жоктугунан Түркиянын Измир шаарына келип кара жумушта иштеп жүргөн жүздөп саналган кыргыз мекендештер бар. Мен өзүм алардын бир нечесинин кыйналып, кайрыларга эч кимиси жок жүргөндүгүн көрдүм. Же элчилик, консулдук келип бир кабар алып коюшпайт. Зарыл иш чыгып калып чалса, корс жооп беришет же телефондорун такыр алышпайт.

Ушундай көйгөйлөрдөн улам, 22 жылдан бери Түркияда жашап, иштеп жүргөн Анара Дооронбекова деген эже өзүнүн демилгеси менен 2 кабат үйдү арендага алып, кыргыз кооздук, жасалгалары менен толтуруп, көчөдө калган кыргыздарды ошол жерге алып келип жаткырып, тамак берип, иши жок жүргөндөргө комиссиясыз (иш таап бергени үчүн бир айлык акчасын алган агентстволар бар, күйөөлөрү түрк иштеткен аялдардын) жумуш таап берип жүрөт. Бир канчасынын иштеген жеринен ала албай калган акчасын алып берип, документи жок камап салган жарандарды алып чыгып жүрөт. Айтор консул кылбаган иштерди бул эже кылып жүрөт. Анара эжени тааныганыма 1,5 ай болсо да, кыргыз үчүн деп чуркап жүргөнүн көрдүм. Анан бул коомду ачам деп расмий документ иштерин бүтүрүп, ачылыш 13-декабрга белгиленген.

6-декабрда мен кеңсеге барып, эртеден кечке элчилике, консулга, Түркиянын Анталия, Стамбулдагы кыргыз коомдоруна чакыруу кат даярдап жөнөткөнбүз. Анан консулдук: расмий түрдө кат жазып, логотип, печать менен болсун, анан барабыз дептир. Элчиликтен корс жооп берип коюшкан. Анан эртеси мен башка шаарга кеткемин. Анара эже эки күн чуркап, логотип жасатып, анан расмий катты консулга жиберет.

Кыргызга тийешелүү кооздук плакаттарды чыгарып чаптап, шарларды илип, коом куттуу болсун деп кан чыгарып, эчки союп, боорсок, беш бармак жасап, Измирде иштеген эжелер колунда эмне тапса (суусундук, торт, таттуу, мөмө-жемиш) алып келип, атайын Бурса шаарынан Чолпонай аттуу кызыбыз келип комуз менен ырдап берем деп….айтор баарыбыз толкундануу менен күтүп отурсак, консул кечигет эле кечигет. Анан чалсак мен ооруп, бара албай калдым десе болобу. Же айтып койбойт бир күн мурда. Же башка өкүлүн жиберип койбойт. Стамбулда бүт дүйнөнүн ишин чечип жатышкансып… Болбосо, 11-декабрда чалганда барам деген экен. Ошентип жанагы толкунданып жаткан элдин баарынын шаабайы сууп кетти. Баары жини келип, жанында болсо жеп жиберчүүдөй болуп турушту.

Бирок, эмнеси болсо Анталия Кыргыз айымдар коомунун жетекчиси келип, атайын түрк тараптан өкүлдөр келип, расмий ачылышына катышып куттуктап кетишти. Ошол жердеги мекендештер консул өзү бир иш кылып жардам бербейт, анан минтип өзүбүз жасап жаткан ишке да келип койбойт дешти. Түрктөр да айтты, элге кереги жок консулду эмнеге кармап отурасыңар, алмаштырбайсыңарбы деп.

Негизи эле Түркиянын кайсыл шаарына барба, кайсыл кыргызга жолукпа, бүт эле элчилике, консулдукка нааразы болгон же аларга ызырынгандар. Себеби, ал кызматта дипломат эмес, тууган же тааныш, же бийликтин сөздөн чыкпас адамы, иш алып бара албаган адамдардын отургандыгы. Түркияда элчибиз кетти, эми жаңысы дипломат, Түркияны түшүнгөн, түркчө билген, иш алып бара алган, жарандар менен иштеше алган бирөө келсин деп тилеп отурабыз.

Болбосо, биздин мамлекет өзүнүн мамлекет деген функциясын аткарбай калды.

Дастан Разак уулу, Түркия, Измир шаары

Автоматический альтернативный текст отсутствует.

 

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: