Menu

Бу саам Бакыт Төрөбаевди каражаттын тартыштыгы аксатууда

Бөлүшүү:

Бараандуу саясатчылардын арасынан «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин орду бар. Жаш болсо да чоң саясатта ийгиликтерге жетишип, жергиликтүү шайлоолордо карапайым калктын колдоосуна ээ болгону, арымы алдыга кеткени белгилүү эле.

Албетте, ал президенттик шайлоого партиясынын атынан чыгып, эл катары талпынууда. Оппозициялык маанайдагы фигура катары да жылуу маанай жаратканы бар. Жашообуздагы реалдуулукту, чындыкты сүйлөгөн жагынан Бакыт мырза камчы салдырбай, аракетин кылып келүүдө. Бирок, бу саам аксап калчудай. Себеби, анын күздөгү аламанда ат ойното тургандай каражаты жетишсиз болуп атканы, учурда деле маалыматтык колдоодон артта калганын байкоодобуз. Негизинен жылдыз жаныш үчүн ириде чемоданың жашылбайларга толтура болбосо, бат эле дат баскан темирдей көрүнбөй каласың эй. Учурдун талабы ушундай. Же Төрөбаевди төргө чыгаруу үчүн чет мамлекеттерден жашылбайлар агылып келеби? Андай болсо эле Эргешович эрегишти катуу салчудай…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: