Чолпон-Ата шаарында улуттук оюндардын төрөсү болгон ордо боюнча эл аралык чоң мелдеш аяктады. Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган бул мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан жана АКШ мамлекеттеринен келген томпойчулар күч сынашты. Мелдеш айлампа түрүндө ар бир команда атаандаштарына эки жолудан бөгүп бермей ыкмасында жүрүп, жыйынтыгында Кыргызстандын томпойчулары «Алтын томпой» мелдешинин жеңүүчүлөрү болуп калды. Экинчи орунду Тажикстандагы этникалык кыргыздар багынтышты. Байгелүү үчүнчү орунду коңшу Казакстандын курамы жеңди.
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ