Menu

Рахат Ирсалиев «эски гвардиясын» чогултуп, агасы Дүйшөн Ирсалиевдин алдына бурабы?

Бөлүшүү:

Экс-депутат, учурдагы курулуш магнаты Рахатбек Ирсалиевди эстедиңерби? Кезегинде КСДПнын арты менен парламенттен жай тапкан бардар жигит саясаттан оолактап, катар-катар курулуштарды куруу менен күйпөлөктөп жүрөт. Өткөн айдын соңу менен КСДПнын азыркы бийлик тарабынан унутта калган Кочкор районундагы бир кездеги мүчөлөрү чогулушуп, алдыдагы президенттик шайлоого карай кыйын күндөрдө чогуу болгон Рахат Ирсалиев менен иштешүү ниеттерин билдиришсе, курулуш магнаты дароо баш тартпай, жакын арада алар менен жолугуу ниетин билдиргени каңкууланды. Болгондо да «эски гвардиясын» эч жакка кошулбай турууларын өтүнүп, шайлоодо агасы Дүйшөн Ирсалиев менен иштешүүгө үгүттөө тилеги бардыгын кыйытканы күбүр-шыбыр кепке айланууда. Бизнестен баар таап жүргөн көпөстүн мындай кадамдарын досу Өмүрбек Бабанов укса таарынбас бекен? Рахат деле эстүү-баштуу жигит эмеспи, эки тараптын тең көңүлүн оорутпагыдай чечим кабыл алып коёр. Эки фронтто «ойноп коюу» саясатчы үчүн кеп бекен?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 49 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: