Menu

“Гелендвагенде” окуучулук күндөрү менен коштошкулары келген

Бөлүшүү:

Үстүбүздөгү жылдын 24-июнунда Ош шаарындагы № 4- С.М. Киров атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экземен тапшыргандан кийин эле “Гелендваген” G-классындагы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунааны ижарага алып өздөрүнчө сайрандоого аттанышкан. Бул  автоунаа атайын кортеждин сабында баратып эле кокусунан кырсыкка учурады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, аталган унааны 1999-жылы туулган айдоочу Ш.Б. башкара албай калып, ал жолдон чыгып барып, андан ары ала салып кеткен.

– Кырсыкка кабылгандардын бири – Оштогу облустар аралык ооруканасынын реанимация  бөлүмүндө оор акыбалда жаткан окуучу азырынча көрсөтмө берүүгө жарай элек. Анткени, анын  жаагы бүтүндөй сынып кеткен. Ошентсе дагы анын саламатчылыгы азырынча  канааттандыраарлык. Медиктердин корутундусуна караганда, автокырсык убагында ал жигит соо экен. Тергөө эми гана кызыды, – деди Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз  кызматынын жетекчиси Жеңиш Ашырбаев.

Бирок, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы аттестат колдооруна тапшырылгандан кийин  кырсыкка кабылган окуучулардын жоопкерчилигин мугалимдер жана мектеп моюнга таптакыр  албай тургандыгын ырастады.

– Автокырсыкка кабылган окуучулар жетилүү аттестатын колдоруна алышкан. Эгерде кырсык ага дейре катталса, мугалимдердин жоопкерчилиги дагы кошо каралмак. Ошондуктан, окуучулар, айрыкча бүтүрүүчүлөр мектеп короосунан чыккандан кийин толук бойдон ата-энесинен  карамагына өтөт,- деди Ош шаарындагы № 4-С. М. Киров атындагы орто мектептин директору Гүлнара Туташова. – Шерикбай 18 жашта. Ал эми Азирет 17 жашта. Биз булардын жетилүү  аттестатын өз колуна тапшырганбыз. Балдардын бүгүнкү акыбалы туурасында толук  маалыматыбыз жок. Мен билгенден Азирет операциядан жакшы чыкты. Шерикбай дагыле  ооруканада жатат.

Ал эми автоунаасын ижарага берген Асырбек уулу Сүйүн машинасын сурап жатып бүтүрүүчүлөр айдоочулук күбөлүктөрүн бир нече ирет кайта-кайта көрсөтүшкөндүгүн айтып канкакшады.

– Булар катарынан документтерин көрсөткөндөн кийин гана автоунаамды 3500 сомго ижарага бергемин. Кырсык болоорун кайдан билипмин. Эгерде кырсыкка кабылган баланын айдоочулук күбөлүгү жок болсо, анда жоопкерчиликти мен гана тартмакмын. А мыйзам боюнча эми  окуучулардын ата-энеси мага унаанын чыгымын толук бойдон төлөп бериши кажет. Азырынча  айдоочу жигит ооруканада жаткандыктан, мен анын ата-энеси менен жөн гана байланышып урам,- деди Асырбек уулу Сүйүн.

Автоунаа кырсыгы ушул жылдын 24-июнунда саат 12.30дар чамасында Ош шаарына жакын Кара-Суу районунун аймагында катталган. Ушул тапта бул фактынын негизинде тиешелүү  экспертизалар дагы дайындалып, ар тараптуу териштирүүлөр катуу улантылууда.

Булак: «Майдан.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: