Menu

Араванда күндүн ысыганынан улам мөңгүлөрдөн суу эрип, сел жүрдү

Бөлүшүү:

Араван районунунун Керме-Тоо айыл аймагында 2017-жылдын 8-9-июль күндөрү күндүн катуу ысыгандыгына байланыштуу мөңгүлөрдөн ээрип түшкөн суулар Кичик-Алай айылынын Торпу участкасында 3 турак-жайга кирип, авариялык абалга келген, 2 турак жайдын жер төлөсүнө, 6 турак-жайдын айланасына жана короолоруна кирген жана 1 адамдын 400 даана престелген чөбүн, 1 кампасын агызып кеткен жана эгилген эгиндерин жараксыз абалга алып келген. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Андан сырткары 2 жеңил (Нива жана Жигули) жана 2 жүк ташуучу унааны (ГАЗ-53 жана ЗИЛ) сел агындылары каптап калган. 

Ошондой эле, селдин кесепетинен Ноокат районунун балансындагы 1 даана ТП-63 электр подстанция, 2 даана электр мамычалары жараксыз болгон жана 200м электр чубалгылары үзүлүп, айыл электр энергиясыз калган.

2010-жылы “АРИС” программасы аркылуу курулган ички чарбалык көпүрөнү (узуну 5м, туурасы 3,5-4м) жараксыз абалга келтирген.
Райондук №21 жол тейлөө ишканасынын балансындагы жолдун 200м аралыгын таш аралаш ылай басып, жол тосулуп калган.
Селдин кесепетин жоюу үчүн Райондук Жарандык коргоо комиссия, КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынан ыкчам топ, КР ӨКМнин Мониторинг жүргүзүү департаментинин адиси, КР ӨКМнин Өзгөчө кырдааалдарга чара көрүү түштүк борборунан 1 жүктөгүч, 2 ХОВО жана №21 жол тейлөо ишканасынан 1 жүктөгүч, КР ӨКМнин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 31 куткаруучу, 1 Спринтер жана 1 КамАЗ тартылган. 

Андан сырткары райондук медицина кызматынан 1 бригада жана Ноокат райондук РЭСтен 1 бригада барган. 

2017-жылдын 10-июль күнү КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жана мониторинг жүргүзү департаментинин адиси кырдалдын кесепеттерин жоюу жана уюштуру иш-чараларын жүргүзүшкөн.

КР ӨКМнин Республикалык өзүнө куткаруу отрядынын куткаруучулары үй буюмдарын коопсуз жайга чыгарып жана суунун нугун буруу иш-чараларына жардам көрсөтүшкөн. 

Райондук медицина кызматынын кызматкерлери жеринде элдердин саламаттыгын сактоо жаатында иш алып барууда.
Андан сырткары Ноокат райондук РЭСтин кызматкерлери тарабынан электр энергияны калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүп, айылга убактылу электр энергия берилди. 

2017-жылдын 11-июлунда саат 00:40 чамасында КР ӨКМнин Республикалык өзүңчө куткаруу отрядынын куткаруучулары өздөрүнүн ар дайым туруктуу туруучу ордуларына кайтып келишти.

Ушул эле Кичик-Алай айылынын Кызыл-Шоро участкасында сел 6 турак-жайдын айланасына жана 1 турак-жайдын ичине кирген жана 2 мал сарайды, 1 ашкананы толугу менен агызып кеткен.

Ошондой эле Т.Осмонов атындагы орто мектебинин спорт аянтчасын жана ички чарбалык жолдун 100м аралыгын ылай-кум каптап, жол каттамы токтоп калган.

Селдин кесепетин жоюу ишине жеке ишкердин көмүр карьеринен 1 жүктөгүч тартылган.

Тартылган техника ички чарбалык жолду калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүзүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: