Menu

Жалал – Абадда өнөр жай продукциясын өндүрүү артты

Бөлүшүү:

Жалал-Абад шаарында өнөр жай продукцияларын өндүрүү көлөмү жаатында быйылкы жарым жылда өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 204 миллион 564,4 миң сомдук өсүү байкалды. Бул тууралуу шаар мэриясынын экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Салижан Умаров билдирди.

Анын айтымында, шаарда быйылкы жарым жыл ичинде 1 миллиард 565 миллион 894 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Ал эми өткөн жылы биринчи жарым жылдыкта 1 миллиард 361 миллион 329 миң сомдук көлөмдө өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн эле. Ошентип, өсүү темпи 115 пайызды түздү.

-Ошентсе да бизде бир катар өнөр жай ишканалары өндүргөн даяр продукцияларды сатып өткөрүү жагынан көйгөйлөр бар. Ошондуктан, учурда өнөр жай ишканаларыбыз сатуу рыногун кеңейтүү, сырткы өнөктөштөр менен иштешүү жагынан аракеттерди көрүп жатышат, – дейт С. Умаров.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаары жалпы потенциялык жагынан өлкөдөгү үчүнчү шаар эсептелет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: