Menu

Чубак ажы Жалилов менен Фетхуллах Гүлен Америкада жолугушту

Бөлүшүү:

Түркия мамлекети АКШда жашаган түрк лидерлеринин бири Фетхуллах Гүленди эбак эле сыртынан былтыр, 2016-жылдагы мамлекеттик төңкөрүштү уюштурууга айыптап келгени менен АКШ аны Түркияга бербей келет. Баса, мындан бир аз мурда кыргыздын диний аалымдарынын бири Чубак ажы Жалилов Фетхуллах Гүленди жактап-коргоп билдирүү тараткан.

Үстүбүздөгү июль айынын башында Америкадагы кыргыздардын чакыруусу менен АКШга барган Чубак ажы Жалилов кыргыз жарандары менен жолуккандан кийин айтылуу түрк кеменгери Фетхуллах Гүлен менен да жолугушкан. Бул тууралу Чубак ажы Жалилов кыргыз ММКларына өзү тастыктады:

АКШдагы 10 күндүк сапарымда Чикаго университетинин Теология факультетинде, Ислам колледждеринде, мындан сырткары Вашингтон, Нью-Йорк шаарларындагы жана Огайо штатындагы кыргыз мусулмандары жана Фетхуллах Гүлен менен жолуктумАмерикада кыргыздардын суранычы менен аларга улуттук баалуулугун сактасын, динден алыстабасын деп сабак өттүм. Сапарымдын учурунда молдоке Фетхуллах Гүлен менен жолуктум. Ушунчалык деңгээлде өлкөлөр арасында маселеси каралып жаткан ал киши жөнөкөй киши эмес. Андай адамдар менен жолугуу керек. Билбей туруп кантип өкүм чыгарабыз? Кайсы бир өлкөдөгү жамааттын лидери, аалымы менен жолугуу милдет деп эсептейм. Мен Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы муфтийи, азыркы көзгө басар молдолорунун бири катары аны колдойт элем. Террористтик ойду жайылтат дегенин мен саясий көз караш катары баалайм. Ошондой эле демократиялык коомдогу адамдар каалаган адам менен жолугууга укуктуу”, – деди Жалилов Супер сайтынын журналисттерине.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 + = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: