“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев сот учурунда анын укугу тебеленип жатканын айтып, сот айыпталуучунун конституциялык укуктарына чектөө коюп жатканын билдирди. Ал айыпталуучу учурунда да, соттолгон маалда деле өзүнүн укуктары болоорун айтып, ошол мыйзамдык укуктарын колдонуу үчүн өз паспорту керек экенин соттон сурады.
Текебаев паспорту бүгүнкү күндө БШКга керек болуп жатканын айтты:
– Соттор арест койгон мүлктөн башка бардык иш-аракеттерди жасоого менин толук укугум бар. Эмне үчүн менин паспортумду бербей ага чек коюп жатасыңар? Эгерде ал жерде документим жок болсо бир жөн эле, эки паспортумду алып койдуңар. Бирок мага ID паспорт бүгүн керек. Соттор өзүм билемдикке өтүп алган болбойт, бул жерде маңыз, логика болушу керек. Конституциялык укугума чек койбогула.
Өз кезегинде сотто төрагалык кылуучу Өмүрбек Текебаевдин паспортун берүү өтүнүчүн канааттандырган жок.
19-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы өзүн президенттикке талапкер катары көрсөткөн камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин арызын жана алдын ала кошумча документтерин кабыл алган.
Өмүрбек Текебаев быйыл 27-февралда чет мамлекеттен кайтып келе жатканда кармалган. Ага “Мегаком” компаниясын башкарууга байланыштуу коррупцияга аралашкан деген айып тагылган. Мына ошол кармлаган күндөн бери Текебаев УКМКнын тергөө абагында камакта отурат. Ал өзүнө коюлган дооматты саясий куугунтук катары четке кагууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ