Menu

Өзбекстанда тышкы паспорт киргизилет

Бөлүшүү:

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев өлкө жарандары үчүн тышкы паспортторду киргизүү боюнча сунуш иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу президент 11-июлда кол койгон токтомдо айтылат.

Мамлекет башчы өкмөттүн алдындагы Инсандыкты ырастоо мамлекеттик борборуна жана башка ыйгарым укуктуу органдарга бир айдын ичинде бул маселе боюнча негиздүү сунуш киргизүүнү тапшырды. Сунушта тышкы паспортту киргизүүнүн баскычтары, мөөнөттөрү, техникалык шарттары жана чыгымдары так көрсөтүлүшү керектиги айтылат.

Өлкөдөн чыгуу визасын жоюу менен ички жана тышкы паспортторду берүүнүн жаңы тартиптерин киргизүү чаралары Өзбекстандын 2017-2021-жылдардагы өнүгүүсү боюнча аракеттердин стртегиясында каралган.

Буга чейин паспорт-виза системасын жана жарандардын өлкөдөн чыгып-киришин көзөмөдөө системасын жакшыртуу — чет өлкөлөргө чыгып жаткан жарандарга ыңгайлуулуктарды түзүп, алардын укуктары менен эркиндиктерин коргоону күчөтө тургандыгы айтылган. Ошондой эле бул чек араларды көзөмөлдөө ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун арттырып, туризм тармагынын өнүгүшүнө түртү болору кабарланган.

Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, жарандардын биометрикалык маалыматтарын камтыган учурдагы паспортторду деле тышкы паспорт катары кароого болот. Анткени алар мындай документтерге коюлган эл аралык талаптарга жооп берет жана өлкөнүн ичинде эле эмес, сыртында дагы жүрүүгө мүмкүндүк берет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: