Оштун «кара баатыры» Мелис Мырзакматов кайда? Сыртта жүргөнү боюнча өздүк булактары аркылуу кабардар кылып койгону болбосо, баягыдай баатырдык сапаттан дайын жок. Эч кимден коркпогон кабылан-шер болуп жатпады беле. Оштун элинин ишеничи зор эмес беле буга. Анан эмне болду? «Ош меники» – деп көкүрөк каккан «кара баатыр» карыдыбы? Ошту кароосуз калтырдыбы? Үн катып койсо боло. Президенттик шайлоого барабы деген суроо эл арасында көп айтылып жатат. Же муну чын эле «черныйлар» коркутуп, жүрөгүнүн сары суусун алып койгон окшойт, болбосо эмнеге Текебаевди колдоп чыкпайт? Бир кезде биригип иштеп жатышпады беле? Анда-санда үн катып койгону болбосо, ачык пикирин билдирип чыга элек.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ