Мьянмада 6700 мусулман-рохинжа жергиликтүү бийликтин кысымынан улам мерт болду. Бул тууралуу “Чек арасыз дарыгерлер” билдирүүдө. Уюм Мьянма качкындарынын лагериндеги жашоочуларынын арасында сурамжылоо өткөргөн. Активисттер реалдуу сандар мындан дагы көп болушу ыктымал дешүүдө.
Уюмдун маалыматы боюнча Мьянма өкмөтү антитеррордук операция өткөрүп баштаган маалда өлүм көп болгон. Бийликтин эсеби боюнча курман болгондордын саны алда канча аз – 400 киши. Алардын көбү экстремисттер болгону белгиленүүдө.
Калкынын көбү буддист болгон Мьянмада мусулман-рохинжалар бийликтин кысымына кабылышкан. Августтун соңунда он миңдеген азчылык өкүлдөрү өлкөдөн качып кетүүгө арагасыз болгон. Бозгундардын теңинен көбү балдар, алар ачкачылыктан жабыр тартышууда.
АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Мьянма бийлигинин аракетин “этникалык тазалоо” деп сыпаттады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ