Бүгүн, 15-июлда өткөн КСДПнын XVI съездинде, делегаттардын арасында Россиянын жараны, идеологу Алексей Василивецский аралашып жүргөнү байкалды. КСДПнын жаштар канатынын лидери Ренат Самудиновдун билдирүүсүндө чет элдик жаран Алексей Василивецский КСДПны 2010-жылдан бери көзөмөлдөп келатат.
Бул, Алексей Василивецский тууралу экс-төңкөрүшчү Роза Отунбаева да 13-июлда Бишкектин Биринчи май районундагы Текебаев менен Чотоновдун сотунда кыйыта айтып кетти.
Эсиңиздерге сала кетсек, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн аппарат башчысы болуп иштеген Эмилбек Каптагаевдин “Биздин УКМКнын ар бир башкармалыгына бирден ФСБнын кызматкерлери келип көзөмөлдөп олтуруп алышкан” деп айтканы бар.
Ал эми Алмаз Атамбаевди да 2010-жылдан тартып Россиядан жөнөтүлгөн жан сакчылар кайтарып жүрүшкөнүн бир нече жергиликтүү ММКлар жазып чыгышкан.
Булак: Кyrgyztoday.kg
Видео окурмандар тарабынан Ватсап сервиси аркылуу салынды
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ