Menu

Коррупционерлердин колдору кесилеби, урматтуу президент?

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынын башчысы Талантбек Барпиевдин Айбек Эшенкулов аттуу аты бар, бирок карааны жок бирөөнү штатка киргизип, мамлекеттин эсебинен айлык берип жүргөнүн жазган элек. ИИМдин Коопсуздук кызматынын Искандар аттуу башчысы бул ишти көз көрүнөө эле жаап койду. Колуңардан «пок» келбейт деди окшойт сыягы. Урматтуу Алмазбек Шаршенович, коррупционерлер жазаланабы же тайраңдап жүрө беришеби? Карабайсызбы буларды, Барпиев өздөрү ич ара «депутат» – деп атап алышкан жыйырма МАИ кызматкердин коргоочусу болсо, ал эми анын коргоочусу ИИМдеги Искандар болсо, Искандардын коргоочусу министрдин орунбасары Алмаз Орозалиев болсо, накта чынжырлашкан коррупция болуп жатпайбы. Булар мыйзамды тоготпостон мамлекеттин казынасына ачыктан ачык кол салып жатышпайбы. ИИМге Улан Исраилов ушуга окшогон коррупциянын чынжырын үзгөнү барды беле? Анда эмнеге тиши өтпөй жатат?

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 9 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: