Menu

Түркмөнстан банктары улуттук валютаны конвертациялоого чектөө киргизди

Бөлүшүү:

Ашхабад банктары манатты чет элдик валютага алмаштырууга чектөө киргизди.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарлашынча, кезектеги чектөө өлкө президентинин сынанан кийин кабыл алынды. 7-июлда Гурбангулы Бердымухамедов банк тармагынын жетекчилигинин ишин сынга алып, каржы министрин отставкага кетирген. Мындан тышкары өкмөт “Президентбанк” менен”Халкбанкты” бириктирүү боюнча чечим чыгарган.

Ашхабаддагы булактардын кабарлашынча, учурда банктар манатты чет өлкөлүк валютага алмаштыруу кызматын көрсөтүшкөн жок. Банктар өз эсебиндеги акчаларды гана конвертациялай алышат.

Ашхабад банктарынын алдында манаттарын пластик карталарга салып, андан ары чет өлкөлүк валютага алмаштыруу үчүн кезекке тургандар көп.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: