Menu

Фото – Эс алууга ылайыктуу керемет пляждар

Бөлүшүү:

Анапа

Анапа Кара деңиздин түндүк тарабында жайгашкан эң кооз курорт аймагы болуп саналат. Бул жээкке эс алууну гана көздөп эмес, Анапанын дарылык касиетке ээ баткагын пайдалангысы келген туристтер көп. Анапага бир барган адам алардын өтө бай ашканасын жана шишкебегин сагынып, кайра кайрылып дагы бараарын айтып жүрүшөт.

Анталия

Визасыз кабыл алган Анталиянын деңиз жээги эң белгилүү жана акчага үнөмдүү келет. Күндүз Ак деңиздин суусуна түшүп, кечкисин шаар аралап, базар кыдырууга шарттар көп. Шоппинг жакшы көргөн кыздар Анталияга барса, көз жоосун алган кийимдерден улам акчасын бат эле түгөтүп койчудай.

Сицилия

Картинки по запросу сицилия

Сицилия жээги июнь айында да өз кардарларын ысык абасы менен тосуп алат. Европада эң эрте жайкы сезонун ачкан жалгыз жер бул Сицилия жарым аралы, Бул аймакта курорттор абдан көп жана ар биринин өз өзгөчөлүгү бар. Түсүн өзгөртүп туруу жагынан Сицилиянын кумдары кызыгууну жаратат. Бир учурда аппапак, ошол эле учурда алтын түстүү жана кара өңгө да өзгөрүп кетет.

Тель-Авив

Израиль – жайкы эс алууга ыңгайлуу өлкөлөрдүн бири. Бул мамлекетке визанын кереги жок болгондуктан жана деңиз жээгинин кереметтиги менен өзүнө тарта алат. Жер ортолук деңизинин аймагында жайгашкан ар бир жер Тель-Авивге суктанып жана атаандашып келишкени ырас. Тель-Авивде түнкүсүн уктамай жок. Себеби күндүз кечке сууга түшүп, кумга оронуп, ал эми кечкисин белгилүү Кармель базарын кыдыруу жана сафари паркына барып көңүл ачуу керек.

Агадир

Дагы бир визасыз кабыл алган жайкы эс алуучу аймак бул – Агадир. Океандын сүрдүү суусуна түшүп, ат минип сейилдегенди каалагандарга Агадирдин эшиги дайыма ачык. Бул аймакка сёрфинг тебүүнү каалаган спорт ышкыбоздору көп келет. Океандын жээгинде чоң толкундарды жарып өтүп ырахат алуучулар көп катташат. Марокконун түштүгүндө жайгашкан Агадирдин өз кардарлары менен эле жээгинде эл батпай калары белгилүү.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: