Menu

Алимент төлөбөгөн ата сот жообуна тартылды

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту И.Ж. карата чечим чыгарды. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.

Ал Бакай-Ата райондук сотунун балдары бойго жеткенге чейин алимент төлөөгө милдеттүү деген чечимин аткарбай келген. Ал алимент төлөбөй жүрө берип, анын жалпы суммасы 176 530 сомго жеткен. Айыпталуучунун мурдагы аялынын айтымы боюнча, И.Ж. 2017-жылдан бери алимент төлөбөй келет. Ошондуктан ал соттон балдарынын атасын мыйзамга ылайык жазалоону суранган.

Ал эми И.Ж. күнөөсүн мойнуна алып, каржылык жактан абалы оор болгондуктан, алиментти өз убагында төлөй албаганын,  мезгил-мезгили менен мурунку аялына жана балдарына материалдык жактан жардам берип келгенин айтып, соттон катуу жазалабоону суранган.

Жыйынтыгында, сот И.Ж. Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренеси (“Соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка сот актысын аткарбоо”) менен күнөөлүү деп таап, 60 саатка коомдук жумушка тартуу чечимин чыгарган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: