Президенттик жарышка талапкер катары катышуу ниетин билдиргендердин катары күндөн-күнгө калыңдап жатат. Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, 16-июлда “Аалам” саясий партиясынын лидери, 60 жаштагы Арсланбек Малиев өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен президенттик шайлоого катышуу тууралуу арызын тапшырды. Ушуну менен президенттик жарышта ат салышуу ниетин билдиргендердин саны 30га чамалады. Анын 24ү өзүн-өзү көрсөтсө, калганын саясий партаялар сунуштаган. Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтөт.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ