Казакстандын Жезказган шаарындагы абакта муунуп өлгөн аялдын иши боюнча тергөө иштери башталды. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Кызматына шалаакы мамиле жасагандыгы үчүн убактылуу камоо жайынын кызматкерлерине карата сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу Караганда облусунун прокуратурасы билдирүүдө.
Маркумдун жеке буюмдарын тешкерүү учурунда анын өлүм алдында жазган каты табылган. Катта аял ата-энесинен кечирим сурап, балдарына кароону өтүнүп, өлүмү үчүн эч кимди күнөөлөбөй турганын жазган.
Абактагы видеобайкоо жазуулары иликтенген соң, маркум шейшептен аркан жасап асынып алганы аныкталган. Аны камерада чогуу жаткан аял көрүп калып, убактылуу тергөө жайынын кызматкерлерин чакырган. Бирок аялды сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Маркум адам өлтүрүү шеги менен камалган. Айыпталуучунун өлгөнүнө байланыштуу ага карата козголгон кылмыш иши токтотулду.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ