Акыркы күндөрдө Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүн катуу жаан каптады. Мунун кесепетинен жапа чекендерден Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Алишер Абдрахманов кабар алды.
– Табигый кырсыктан жабыр тарткандарга тийиштүү жардамдар берилет. Антсе да, жарандарга турак жайларын мындан ары камсыздандырууну жана кооптуу аймактан сөзсүз түрдө көчүү зарылдыгын дагы бир ирет эскерттик. Буга чейин мамлекет тарабынан жапа чекендерге жер тилкеси жана 200 миң сом өлчөмүндө акчалай ссудалар дагы таратылган. Тилекке каршы, алар коопсуз жайларга таптакыр көчүшкөн эмес! – деп тызылдады Алишер Абдрахманов.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ