Бүгүн, 19-июлда Бишкектин Ленин райондук сотунда эки окуучуну унаасы менен сүзүп кеткен Мирлан Ажибековдун иши аяктады.
Судья Алмазбек Жолдошбеков Ажибековду 8 жылга жатак-абакка эркинен ажыратылсын деген чечим чыгарды.
Андан сырткары айыпталуучу 3 жылга транспорт айдоо укугунан ажыратылды.
Эске салсак, 2017-жылдын 21-апрелинде Бишкектин Бакаев жана Алтымышбаев көчөлөрүнүн кесилишинен эки окуучуну автоунаа менен сүзүп, айдоочу качып кеткен. Кийин ал кармалып, 1988-жылы туулган М.А. экени белгилүү болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ