Ушул жылдын 18-июлунда милиция кызматкерлерине арыз түшүп, саат болжол менен 06:00 чамасында Бишкек шаарынын Жаш гвардия –Жибек жолу көчөлөрүнүн кесилишинен болжол менен 30-38 курактагы бейтааныш адам Бишкек шаарынын жашоочусуна күч колдонуп “LG” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, белгисиз тарапка изин жашырып качып кеткен.
Биринчи май РИИБдин кызматкерлери кылмыш изин суутпай кылмышка шектүү 36 жаштагы Бишкек шаарынын жашоочусу А.К. аттууну кармашты. Бул туурасында Бишкек ШИИББнын Басма сөз кызматы билдирет.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесине (тоноочулук) ылайык кылмыш иши козголуп, кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ