Ушул күндөрү эс алуудагы милициянын полковниги, ИИМ алдындагы ГУБОПтун мурдагы башчысы Мирлан Каниметовго карай президенттикке аттанган негизги фаворит фигуралардын командаларынан ар кимиси өз катарларына тартуу боюнча байма-бай сунуштар түшүп жаткандыгы, кыраакы полковник азырынча бирине да «ак» же «көк» дебестен, убактысын ден соолук чыңоо, Ысык-Көл, Соң-Кал баштаган керемет жерлерде эс алууга арнап, кичи мекенине байма-бай каттап жаткандыгынан кабардар болдук. Бүтүндөй өмүрүн кылмышкерлер менен күрөшүүгө арнап, «кара дүйнөдөгү» «Бөө», «Чөө», «Дөөсүнө» карабай ийнине киргизген профессионал кадрдын күчүн саясатка эмес, алсырап турган кылмышкерлер менен күрөшүү жаатына алсак эмне? Баткакка тыгылган тармакты баралына келип турган дал ушундай «жылдыздуу шумкарлар» гана сууруп чыгат эле го? Баалуу кадрларды убагында баалабай жүргөн кайдыгерлигибизден качан арылаар экенбиз?
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ