Menu

Тазабек Икрамов: “Итке ак калпак кийгизилип чыгышы – кыргыз элинин сыймыгы, намысы болгон ак калпакты урматтабагандык

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынындагы “Ар түрдүү маселелер” саатында бир катар депутаттар ак калпактын итке кийгизилишине нааразычылыктарын билдиришти. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы маалымдайт.

Депутат Тазабек Икрамов интернет айдыңына кыргыз улутунун намысына шек келтирген видео чыгып кеткендигине токтолду. “Бишкек парк” соода борборундагы иш-чарада итке ак калпак кийгизилип чыгышы – кыргыз элинин сыймыгы, намысы болгон ак калпакты урматтабагандык”,- деген эл өкүлү ал иттин ээси жазасыз калтырылбашы керектигин билдирди.

Мындай теманы улаган депутат Улукбек Ормонов мамлекеттик символдор, “Манас” эпосу жана башка улуттук ар-намысына түздөн түз тиешеси болгон мыйзамдарды тизмектеп, КР Өкмөтүн жогорудагыдай жосунсуз жоруктарга жол бербөө үчүн Кылмыш-жаза кодексине түзөтүүлөрдү киргизүүгө чакырды.

Жылдын ийгиликтери менен кемчиликтери тууралуу айткан депутат Рыскелди Момбеков дагы итке ак калпактын кийгизилишине улуттун ар-намысын коргоодо прокуратура, улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети баштаган тиешелүү маморгандар үн катпай жатканына катуу сынга алды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: