Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин иши 26-сентябрдан кийин сотко өтөөрү тууралуу ИИМ министринин орун басары Памир Асанов билдирди. Бул туурасында: “Белгилүү болгондой, бул иштин алкагында 19 адамга карата кылмыш иши ачылган жана жоопкерчиликке тартылууда. Таанышуу иштери бүттү, ал эми айыпталуучу тарап бүгүн ходатайство берген. Ал процедурага ылайык 3 күндүн ичинде каралып жооп берилүүсү керек. Эгер биздин жооп канааттандырбаса Башкы прокуратурага кайрылууга укугу бар, алар да 3 күн карап жообун берет. 26-сентябрда бүтөт, андан соң сотко жиберилет”, – деди.
Булак: «Фабула»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ