Menu

Мал уурдаган 32 жаштагы жаран кармалды

Бөлүшүү:

Кара-Жыгач айылынын 67 жаштагы жашоочусу Ю.Б. аттуу 2017-жылдын 24-март күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 16-март түнү арыз ээсинин сарайынан белгисиз адамдар анын 2 баш бодо малын уурдап кетишкенин билдирген. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Келтирилген материалдык чыгым 80 миң сомду түзгөн. Топтолгон материалдардын негизинде Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Аламүдүн районунун ИИБнүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, Сокулук районунун 32 жаштагы жашоочусу Э.Т. кармалып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: