“Мен коронавирус тууралу маселе көтөрөйүн деп жатам, өзүм көргөн нерсени айтпай койсом болбойт, эки күн мурун чет өлкөдөн учуп келдим, бардык текшерүүлөрдөн өттүм, бирок ошол жерде иштеп жаткан кызматкерлерге шар түзүлбөптүр. Биз өтүп жатканда эки адис эки тепловизорду көтөрүп турушту, биринин зарядкасы олтуруп калыптыр, бирөө эле иштеди. Аны көтөрүп турган эженин колу талып кетип кайра түшүрүп, кайра көтөрүп жатты. Турцияда болсо ал тепловизорлоду штативдерге эле орнотуп коюптур, бир жакшына иштеп жатат. Ошондой эле кылса болбойбу?” – деп билдирди бүгүн, 5-мартта парламенттин жыйынында депутат Марлен Маматалиев.
“Экинчи маселе – Түштүк Кореядан 15 студент Алматы аркылуу келип, чек арадан 8 студент чынын айтыптыр, калгандары Алматыдан келе ижатабыз деп эле алдап кирип кетишиптир”, – деди Марлен Маматалиев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ