Menu

“Гүленчилерге” каршы чабуул уланууда

Бөлүшүү:

Түркмөнстанда түрк оппозициялык кыймылы менен байланышта деген айып менен дагы бир нече жаран соттолду. Өз булактардын кабарлашынча, Лебап облусунун соту кеминде 40 кишиге өкүм чыгарды. Маалыматтарга караганда, соттолгондордун көбү түркмөн-түрк лицейинин кызматкерлери жана бүтүрүүчүлөрү. “Азаттыктын” түркмөн кызматы май айында “гүленчилер кыймылына” тиешеси бар деген айып менен 50дөн ашуун киши кармалганын жазган. Өз булак жабык өткөн сотто алар 20 жылга чейин эркинен ажыратылганын ырастоодо. Быйыл февралда Ашхабад шаардык соту ушундай эле айып менен 18 кишини 25 жылга чейин эркинен ажыраткан. Алардын арасында Түркмөнстандын белгилүү ишкерлери бар. Башка бир булактын айтымында, тергөө маалында камалгандарга карата кыйноолор колдонулган жана алар күнөөлөрүн моюнга алышкан. Өз булак аларды “гүленчилер” менен байланышы бар деп айыптоо жөн гана шылтоо экенин, мындай жол менен Азия оюндарын өткөрүү үчүн бул кишилердин акчаларын тартып алуу аракети жүрүп жатканын кошумчалады.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: