Биометрикалык паспорт боюнча чуу жакын арада токтой турган эмес. Коомчулуктун каршылыгына карабай шашьшыш киргизилген паспорттун кесепети карапайым элге гана эмес, мамлекетке да тийип жатат. Мына Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспортту чыгарып алып, эми алапайын таппай калды. Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Дастан Догоев Кыргызстандын бир катар банктары жаңы берилип жаткан биометрикалык паспортторду кабыл албай жатканын айтып ыйлаактады. Мындай болгон соң, жаңы паспортту эмне берип жатышат? Ботконун баарын чалып, түйшүктүн баарын мамлекет менен элдин мойнуна жүктөп коюшуп ыйлаактаса эле баары жайына келип калабы? Ушундай башаламандыкка жеткиргендер жооп бериши керек.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ