Menu

Финансы министрлигинде мамлекеттик тил маселелери талкууланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде мамлекеттик тил маселелери боюнча жолугушуу болуп өттү. Иш-чарага министрликтин жетекчилиги, кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Жолугушууда министрликтеги мамлекеттик тилдин абалы, мамлекеттик тилге кам көрүү жана аны жайылтуу багытында жасалып жаткан иштер, айрым жетишкендиктер, ошондой эле кээ бир кемчиликтер тууралуу кеп-сөздөр айтылды. Улуттун улут болуп калыптанышында эне тилдин ролу эбегейсиз зор экенин баса белгилеген профессор Н. Ишекеев министрликтин жетекчилигинен мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл буруп, мамлекеттик кызматты улуттук колорит менен шөкөттөөнү өтүндү. Өз кезегинде финансы министри А. Касымалиев министрликте дээрлик бардык жыйындарды мамлекеттик тилде өткөрүү иши бир нукка түшүп баратканын, бирок иш кагаздарын толугу менен мамлекеттик тилде жүргүзүү жагынан аксап жатышканын моюнга алып, ушул өңдүү кемчиликтерди жоюу максатында эки апта аралыгында тийиштүү бөлүм тарабынан иш-чаралар планы иштелип чыгып, министрликтин коллегиясынын кезектеги жыйынында талкууланарын жана жакынкы мезгилде ага ылайык иштер аткарыларын убада кылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 − 36 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: