“Мен Сооронбай Жээнбековго “сени партиянын съездинде президенттикке жалгыз талапкер катары тандашты, сен талапкердикке каттоодон кийин кызматтан кетсең туура болот” дедим”, – деп билдирди Алмаз Атамбаев бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген акыркы жайкы маалымат жыйынында.
“Мен Сооронбай Жээнбековго ишенем. Мен аны 22 жылдан ашык, 1995-жылдын мартынан бери билем. Ал өтө так адам. Менин оюмча ал жакшы президент болмок. Мен ага добуш бергиле деп суранбайм, ага ишенем деп айтып жатам”, – деди ал.
“Кээ бир президенттикке талапкерлерди уксаң, алар дагы эле президенттик мамлекетте жашап жатышкандай, “экономиканы көтөрөбүз” деп убада берип жатышат, анда премьерликке барышсын. Менден кийин президентте башка жумуш болот, экономика менен премьер иш алып барат”, – деп кошумчалады Алмаз Атамбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ