Menu

Алмаз Атамбаев: “Россияга Кыргызстанда экинчи аскер базасын ачууну мен сунуш кылгам”

Бөлүшүү:

Алмаз Атамбаев Россияга Кыргызстанда экинчи аскер базасын ачууну өзү сунуш кылган. Бул туурасында ал бүгүн, 24-июлда Чолпон-Атадагы мамлекеттик N 2-резиденцияда журналисттерге берген акыркы жайкы маалымат жыйынында билдирди.

Атамбаевдин айтымында, экинчи россиялык аскер базасын Таджикстандын чек арасына курдурушунун себеби, азыр ал жакта кырдаал курч.

“Мен билбейм, муну Россия чечиши керек, себеби бул өтө көп акчаны талап кылат. Биз өзүбүздүн Куралдуу күчтөрүбүздү чыңдашыбыз керек. Мен базаны  Кыргызстан менен Таджикстандын чек арасына курууну сунуш кылдым, анткени мен биздин территория Россияга керек эмес экенин жакшы билем. Россияга көп запасы менен өзүнүн жери эле жетиштүү. Тескерисинче, ал жакта демографиялык проблемалар башталууда. Биз эч нерсени тобокелчиликке салбай элебиз, тескерисинче, биз өзүбүздү коргоп алмакпыз. Бирок бул жерде чечимди Россия кабыл алат, финансылык мүмкүнчүлүктөргө карап. Ар кандай база – бул өтө чоң акча. Ошондуктан биз өзүбүзгө гана ишенишибиз керек, куралдуу күчтөрүбүздү ошол эле Россия, Кытай жана башка тууган өлкөлөрдүн жардамы менен күчтөндүрүп алышыбыз керек”, – деди Атамбаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 54 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: