Кадамжай шаарында 23-июл күнү саат 20:45тен баштап жааган жамгырдын кесепетинен Металлург көчөсүнүн № 9 жана Звездная көчөсүнүн № 12 көп кабаттуу үйлөрүнүн жертөлөөлөрүнө, Кадамжай шаардык ооруканасынын рентген кабинетинин жертөлөөсүнө жаан суулары кирген. Бул туурасында КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
КР ӨКМнин куткаруучулар, суунун агымын коопсуз тарапка бурушуп, өрт өчүрүү кызматы менен биргеликте жер төлөөгө кирген сууну тарттырып, тазалап беришкен. Жалпы 10 куткаруучу тартылган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ