21-августта парламент депутаттары кезексиз сессияга чогулушат. Бул туурасында «24.kg» маалымат агенттигине КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов билдирген.
Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев 24-июлда Чолпон-Атада өткөн маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, депутаттар сентябрга чейин министрлердин жаңы кабинетин түзүү керектигин билдирген.
15-июлда КСДП фракциясы Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары көрсөтүшкөн. Мындан улам ал өкмөт башчысынын кызматын өткөрүп берүүсү керек.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ