Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагынын очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда билдирди.
Алардын маалыматына караганда, жер титирөө кечээ, 15-январда, саат 15:19да болгон. Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында төрт балл, Кара-Киндик, Сары-Таш, Нура айылдарында үч баллга чейин сезилген. Жабыркагандар жана кыйроолор жок.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ