Алматы облусунун Жаркент шаарында жеңил моторлуу учак кыйрап, эки киши каза тапты.
Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети билдиргендей, 2017-жылы 27-июлда Алматы облусунун Панфилов районундагы Шолакай айлында жүгөөрү таласында авиахимиялык иштерди аткарып жүргөн Як-12 учагы кулап түшүп күйүп кеткен. Борттогу эки киши тең курман болду.
Кырсыктын чоо-жайы аныктала элек. Казакстандын жарандык авиациясы тергөө иштеринин башталганын маалымдады.
Як-12 көп максаттуу транспорттук учак болуп эсептелет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ