Орусия президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов Москва ИМ тобу ЖККУга мүчө өлкөлөргө түздөн-түз коркунуч жараткан учурда гана Ооганстанда аскердик күчүн пайдалана турганын билдирди. Бул тууралуу орусиялык дипломат «Азаттыктын» тажик кызматына жөнөткөн жазуу түрүндөгү жообунда билдирген.
Жергиликтүү ММКлар билдиришкендей, буга чейин Замир Кабулов эгер Ооганстан менен АКШнын өкмөттөрү ИМ тарабынан жаралып жаткан коркунучтарга каршылык көрсөтө албаса, анда Орусия күч колдонууга мажбур болорун билдирген. Ал ИМ Ооганстанда позицияларын бекемдөөгө аракеттенип жатканын жана Москва Борбор Азия өлкөлөрүнө туруксуздуктун жайылуу ыктымалдыгына тынчсызданып жаткандыгын кошумчалаган.
Ал ошондой эле Орусия ИМ жоочулары Ооганстандын түндүгүндө, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн чек арасына жакын аймакта активдүү боло баштагандыгы боюнча Кабулга бир канча жолу эскертүү бергенин айткан.
Акыркы айларда Ирак менен Сириядагы жүздөгөн «жихадчылардын» Ооганстанга өткөндүгү кабарланууда. Алардын көбү Ооганстандын түндүгүндөгү Тажикстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан менен чектешкен райондорго жакын жайгашкан. Андагы жоочулардын көпчүлүгү «Өзбекстан ислам кыймылы» (ӨИК) тобуна кошулуп кетишкен. 2015-жылы августтун башында ӨИКтин жаңы лидери Усман Гази «Ислам мамлекетине» берилгендиги тууралуу ант бергени жөнүндө маалымат пайда болгон.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ