Menu

Илмиянов менен Мамбеталиевдин талашы эмнеде?

Бөлүшүү:

Эркин Мамбеталиев менен Икрам Илмияновдун ортосун кара мышык аралап кеткенине көп болгон. Мындай кырдаалдан пайдаланып Икрам мырза Мамбеталиевди биринчи кишиге жамандап болгон соң, ИИМ министри Улан Исраиловду пайдаланып Эркинди тымызын капканга түшүрткөн. Учурда Мамбеталиев Ысык-Көлдө өз айылында чарбачылык менен алектенип тынч жүрөт. Кичине эле “косяк” кетирсе камалат экен. Аны биринчи киши Атамбаев да колдобой тургандыгын журналисттер менен болгон пресс конференцияда билдирди. Эми Эркин менен Икрамдын урушуна келсек, бул экөө Кыргызстандагы эт бизнесин талашып кетишкен экен. Чыр ошондон улам чыккан дешет. Шоопур мырза башынан эт менен иштеп калгандыктан Эркинге колундагы токочун тарттырып жиберген эмес. Учурда бул эки жигиттин тиреши тымызын күч алууда. Тирештин арты кан төгүлүү менен аяктабаса эле болгону.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: