Menu

Президент болом дегендердин саны 52ге жетти

Бөлүшүү:

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1960-жылы  10-мартта  туулган,  пенсионер  М. Иманкуловдон  арыз түштү. Бул туурасында КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү билдирет.

2017-жылдын 30-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 41 жаран тарабынан өзүн өзү көрсөтүү боюнча арыз берилген (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеев, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Уметалиева, К. Мактымбаев, М.Кыдыралиева, К. Шайымбетов, М. Айманбаев, Э. Зарлыков, Т. Омуралиев, А.Айтикеев, Т. Кожогулов, П. Кенжекулов,  А. Мансуров, М. Иманкулов).

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 10  саясий партия көрсөткөн (Т.Сариев – «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров – «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы, С.Жээнбеков -«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы, А.Келдибеков жана К.Ташиев – «Патриоттук партия «Ата-Журт» саясий партиясы, И.Масалиев – «Кыргызстан коммунисттер партиясы» саясий партиясы, Т.Асанбеков – талапкерликке көрсөткөн «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы, Т. Акимов – «Чон казат» саясий партиясы, К.Исаев – «Кыргызстан» саясий партиясы).

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына 52 талапкер.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 + = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: