Menu

Кара-куурай” рейди учурунда Жайыл районунун Сосновка айылынан ири өлчөмдөгү баңгизаты алынды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 28-июль күнү “Кара-куурай” аталышындагы рейд иш-чарасы учурунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы менен Чүй облусунун ИИББнын жана Жайыл районунун ИИБнүн баңгизаттарды мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Жайыл районунун Сосновка айылындагы стационардык тосмодон ыкчам иш-аракеттерди жүргүзүү учурунда “Фольксваген-Пассат” үлгүсүндөгү автоунаа текшерүүгө токтотулган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Унаанын айдоочусу 24 жаштагы А.Н. жана эки жүргүнчү болгон. “Алиша” жана “Нани” аттуу иттердин жардамы менен жогорудагы автоунаага тинтүү жүргүзүү маалында капоттун алдынан сумка табылып ичинен 12 даана пакетке салынган өңү жашыл -күрөң түстөгү жапайы кара-куурай жыттанган заттар табылып, жалпы салмагы 7 килограмм 482 граммды түзгөн. Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 246-беренеси “Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү” боюнча кылмыш иши козголуп жогорудагы кылмышка шектүү делип, Ош облусунун 40 жаштагы Ш.Р. жана 32 жаштагы Б.Т. аттуу тургундары кармалган. Кармалган жарандар Жайыл районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 + = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: