Төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин кызы Айзуура Иманалиева менен алып баруучу Мирзат Муканов учурда туңгуч наристесин убакыт санап күтүшүүдө. Кызбы уулбу мааниси жок, аман-эсен көз жарып алса экен деп жакындары тилеп олтурушат. Болочокто жарык дүйнөгө келчү наристе эки тараптын тең көптөн күткөн биринчи таттуу небере болмокчу. Учурда жолдошу менен НТС теле каналында эмгектенип жаткан Айзуура жакынкы убактарда декреттик өргүүгө чыгып эне болууга даярданмакчы.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ