Кремль 2012-жылдан бери алгачкы жолу «Түнкү карышкырлар» мотоклубуна президенттик гранттарды берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу “Коммерсант” гезити жазды.
Басылманын маалыматына караганда, байкерлердин бюджеттен акча алуу үчүн жөнөткөн эки билдирмеси сынактын талаптарына жооп бербегендиктен улам четке кагылган. Андан сырткары алардын «Байк-борбордо балдардын жаңы жылдык балаты майрамын өткөрүү» деп аталган билдирмесиндеги өтүнүчтөрү канааттандырылган эмес. Жалпысынан “Түнкү карышкырлар” мотоклубга 15 миллион рублден ашык каражат бөлүп берүүнү өтүнкөн. Гранттар үчүн билдирмелерди караган Координациялык кеңешти президенттин администрациясынын башчысынын орун басары Сергей Кириенко жетектеген.
«Түнкү карышкырлар» мотоклубунун лидери Александр Залдостанов (Хирург) кремлчил «Антимайдан» кыймылынын башчысы болуп эсептелет. 2012-жылдан бери президенттик грант катары байкерлер бюджеттен 60 миллион рублдан кем эмес каражат алышкан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ