Menu

“Кара куурай” аталышындагы рейддин жүрүшүндө Жалал-Абад облусунан 1 кг ашык баңгизаты алынды

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 30-июлунда “Кара куурай” аталышындагы ыкчам-иликтөө иш-чарасынын жүрүшүндө Ош облусу менен Ош шаарынын Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыктарынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Кыпчак-Талаа айылынан мыйзамсыз баңгизаттарын жүгүртүүгө шектүү К.А. аттуу жарандын автоунаасын текшерүү учурунда салонунан 6 баштыкка оролгон өңү жашыл-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар жапайы кара куурай баңгизатын табышкан. 101 бирдик “гашиш” баңгизаты экени аныкталып, жалпы салмагы 1 кг. 212 граммды түзгөн. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, Ош облусу боюнча Башкы тергөө башкармалыгы жогорудагы фактыга Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) боюнча кылмыш ишин козгогон. Кармалган жаран Ош облусунун убактылуу кармоочу жайына камалып, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: