«Ата Мекен» партиясынын депутаты Аида Салянова учурда ак жеринен күйүп, укугу тебеленип жаткандай күйүп-бышып жатканына коомчулук күбө. Бирок Аида айым Башкы прокурор болуп турганда эмнени гана ичинен чыккан жок. Эми ал кездеги чалган боткосунун ак-карасын иргеп чыгуу мүмкүн эмес. Мына коррупция менен айыпталып, түрмөгө отуруп, 10 миллион сом айып төлөп чыккан Акматбек Келдибеков: «Мыйзам бузуучулук, эки жүздүүлүк Аида айым башкы прокурор болуп турганда көп кайталанган. Эми өздөрү колу менен жасаган ишке дуушар болуп жатышат», – деп «ор казсаң тайыз каз, өзүң түшүп каласың» деген ушул дегенди кыйытып, «кек сактоо, өч алуу мага таандык сапат эмес», деп ар жагын жымсалдатып, өзүн айкөл кылып коюптур. Ошондо бул экөөнүн кимиси, «ак карга» болуп чыгат…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ