Menu

Вашингтон, Лондон, Берлинде жапырт нааразылык акциялары өттү

Бөлүшүү:

АКШнын Вашингтон жана башка көптөгөн шаарларында миңдеген адамдар расалык теңсиздикке жана полициянын зөөкүрлүгүнө каршы демонстрацияга чыгышты.

Вашингтон мэри Мюриэль Баузер өлкө президенти Дональд Трамп демонстранттарга өтө катуу мамиле жасап жатат деп эсептөөдө. Ак үйгө алып бара турган көчөөдө “Кара терилүүлөрдүн өмүрү да маанилүү” деген жазуулар илинип турат.

Ал арада 6-июнда Германиянын Берлин, Франкфурт-на-Майн, Мюнхен, Гамбург, Бонн шаарларында да 57 миң кишинин катышуусунда “үнсүз демонстрациялар” өттү.

Лондонда нааразылык акциясы парламент аянтында өттү. Чогулгандар алгач тизе бүгө Жорж Флойду эскерип, андан соң анын атын атап, кол чабышты.

Австралиянын Брисбен, Мельбурн жана Сидней шаарларында да миңдеген кишилер көчөгө чыгып, ынды кара Жорж Флойду эскеришип, австралиялык аборигендерге карата полициянын зомбулугуна нааразылык билдиришти.

Брисбендде полиция митингге чыккандарга беткап жана дезинфекция каражаттарын таратты. Демонстрацияга 10 миңден ашуун киши катышкан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: